Бүгүн, 30-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчынын кайрылуусу боюнча Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча КР Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин курамын шайлоонун мыйзамдуулугун жана директорун шайлоонун легитимдүүлүгүн иликтөө боюнча убактылуу комиссия түзүү тууралуу маселе каралды.
Бул тууралуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева маалымат берди.
Талкуу учурунда депутат Камила Талиева Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директорун шайлоонун мыйзамдуулугун тактап, убактылуу комиссия түзүү сунушун колдоого алды.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева (“Ата-Журт Кыргызстан”), Медербек Алиев (“Ишеним”), Бакыт Тентишов (“Ынтымак”), Винера Раимбачаева (“Ыйман Нуру”), Нилуфар Алимжанова (“Альянс”), Бактыяр Калпаев (“Мекенчил”), Кубанычбек Самаков (“Элдик”) курамындагы убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, бул багытта Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.