«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп, өлкөнүн түштүк аймагынан келген лидер айымдар катышты. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.
Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.
Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде “Айыл жыттанган эко продукт” деген тема талкууланат.
Бүгүнкү “Кыйындын”катышуучулары:
Модератор —Кайыргүл Урумканова.
Айымдар бүгүнкү эфирде акыркы учурларда актуалдуу болуп келген эко продукт өндүрүү тармагынын оош-кыйышы тууралуу сөз кылышмакчы.
Талкууда сөз баштаган Аида Майрыкова өтө олуттуу пландары менен бөлүшүп, жаштарды жумушсуздуктан арылтуу, зордук-зомбулук маселесинен алаксытуу максатында жумуш орундарын түзүү менен сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачсам деген тилегин айтты.
Анын айтымында, ал максат кылган ишкана ачылып калса эч кандай кошулмасыз, таза өндүрүмдөгү сүттөн жасалган азыктар менен айыл эли камсыз болмок.
Аида айымдын сөзүн колдоого алган Гульгакы Аттокурова таза азыктар жаш балдардын ден соолугуна да пайдалуу болоорун белгиледи.
«Менин көп жылдан берки иш тажрыйбам бар, балдар менен соода кылам. Көптөн бери ойлонуп жүргөн нерсем балдарга эң керек болуп жаткан экологиялык таза азыктар. Алсак, курутту таза өзүбүздүн айылдан сүттөн жасап сатууну ойлонуудамын»,-деди ал.
Ал эми Нуржамал Ганыева чет өлкөлөрдүн кайра иштетүү өнөр жайына болгон кызыгуусу анын да өз ишин ачканга түрткү болгонун бөлүштү.
«Менин идеям бар бирок каражатым жок болду. Акырын майда кадамдар менен изилдөө иштерин жүргүзүп жатып, бир чакан долбоор утуп алдым. Таштандыны кайра ресурска айлантуу. Алсак жөнөкөй эле баштыктан кайра башка жаңы буюм жасоо. Аны биз чогултабыз, тазалайбыз анан дизайн жасап чыгарабыз»,-деди ал.