• Бейшемби 8 Кулжа 2023
  • Четверг 8 Июнь 2023

Кыйын: Айылды өнүктүргөнгө миграциянын таасири

24 января 2023 в 18:00 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренингин өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан келген 17 айым катышты. Катышуучулардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, ишкерлер бар.

Аймактардан келген алдыңкы айымдар «Кыйын» аталышындагы телевизиондук ток-шоусунда өлкөдөгү орчундуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Бүгүнкү чыгарылышта «Айылды өнүктүргөнгө миграциянын таасири» деген тема талкууланат.

Катышуучулар: Аида Аманкулова, Светлана Бакибаева.

Модераторлор: Кайыргүл Урумканова жана Замира Кожобаева.

Количество просмотров: 402