Govori.TV мультимедиялык маалымат агенттигинин “Кыйын” долбоору өлкөнүн жети дубанынан келген 200дөн ашык лидер айымдардын өсүп-өнүгүүсүнө, тажырыйбасын дагы да арбытууга жана жаңы билим алууга шарт түзүп, өбөлгө болду.
Айымдар алган билимин өз ишинде колдонуу менен дагы да арбын жетишкендиктерге жеткенин жашырышкан жок. Алардын бири Аялдардын демократиялык тармагынын Жалал-Абад облусу боюнча координатору, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Мая Багышева “Кыйын” долбоорунан алган дем-күч менен жергиликтүү кеңештин депутаттыгына аттанып андан жеңишке жеткенин айтып берди.
Ал эми долбоордун дагы бир катышуучусу Араван районунан келген Малохат Юсупова “Кыйын” долбоору элдерин ага болгон ишенимин арттырганын белгилеп өттү.
“Кыйын” айымдардын саясий дараметин гана калыптандырууга багытталбастан, коомдогу ролун арттыруу, өзүнө болгон ишенимин күчөтүү багытында да иш алып барат.
“Кыйындын” катышуучусу «Салам Медианын» жетекчиси, журналист Гүлбарчын Амирова тренингдин кийинки катышуучуларына билими, тажырыйбасы менен бөлүшүп, тренер катары аймактагы лидер аялдардын ЖМК менен өз ара аракеттенүүсү тууралуу айтып берди.
Ал эми Феруза Амадалиева “Кыйын” долбоору айымдарга жол көрсөтүүчү долбоор экенин белгилеп, аялдардын саясий дараметин өстүрүү маанилүү маселе экенин кошумчалады.
5 жыл аралыгында уюштурулуп келген 3 күндүн окутуу тренингдеринен аймактардан келген айымдарга маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү, жасалма интеллектти өз брендин өстүрүүдө колдонуу жѳнүндѳ окуулар өтүлүп келет. Тренингге жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, дарыгер, жарандык активист, жеке ишкер жана башка өз тармагынын мыктылары катышып келет.