• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

“Кыйын” аялдардын лидерлик сапатын калыптандырууга өбөлгө түздү

1 Бештин айы 2020 15:31 Бишкек Govori.TV

12-13-14-ноябрь күндөрү “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында кезектеги тренингин өткөрдү. Жарыяланган кастингден өтүп, ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көлдөн келген 17 айым катышты. Арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар.

Бул жылы тренин үчүнчү ирет өтүп, өлкөбүздүн алдыңыкы айымдарын чогултуп жатат.  Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.  

Тренингге мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко, Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык журналистика кафедрасынын окутуучусу, филолог, логопед Лилия Кацева, 24.kg агенттигинин башкы редакторунун орун басары Махинур Ниязова, “Аверс” юридикалык компаниясынын жетекчиси Таалайкүл Токтакунова, Бишек шаарынын вице-мэр Айжан Чыныбаева, Аялдарды колдоо борбору коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Бакен Досалиевалар келип, айымдар менен өз тажырыйбалары менен бөлүшүштү.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко айымдардын лидерлик дараметин өстүрүп, өркүндөтүү маанилүү экенин айтат.

Тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ да маалымат берилди.Ал эми катышуучулар аз убакыт аралыганда керектүү тажырыйба алып, жаңы нерселерди үйрөнүүгө жакшы шарт болгонун белгилешти.

Белгилей кетсек, тренингдин жыйынтыктары боюнча бардык катышуучуларга сертификаттар берилди. Тренинг Европа Биримдигинин “Демократияны колдоо фонду” жана “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги тарабынан уюштурулду.

Количество просмотров: 312