Аялдын үй-бүлөөдө жана коомдо болгон орду “Кыйын” ток-шоусунда талкууланат.
Катышуучулар: Ош облусунан Аида Шерова, Баткен облусунан Жылдыз Бекбаева, юрист Таалайкүл Токтакунова, журналист Кайыргүл Урумканова.
Эскерте кетсек, Алманбет кызы Айгерим, Аскарбекова Айзирек, Акылай Маратова тренингдин катышуучулары. 18-19-июль күндөрү “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында он-лайн тренинг өткөргөн. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан 22 адам катышкан.
Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.