• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Кыйын» долбоору элеттеги 187 айымдын ийгилигине себепкер болду

22 Чын куран 2024 17:28 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрдү. Окутуу семинарына 7 облустан келген айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар.

Тренингде “GOVORI.TV”нын негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, эркин журналист, медиа эксперт Махинур Ниязова, гендердик маселелер боюнча эксперт Римма Султанова, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты Ширин Костюк, юрист Таттуубүбү Эргешбаева, «Exclusive.kg» интернет басылмасынын башкы редактору Семетей Аманбеков, IT адис Чолпон Шабдыраева, тренер жана модератор Замира Кожобаева, Media Карьера» ораторлук чеберчилик мектебинин негиздөөчүсү Айнура Кабатай кызы өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева «Кыйын» долбоору элеттеги айымдар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ача турганын белгиледи.

Тренингдин жыйынтыктары боюнча бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. 3 күндүк окутуу иш-чарасына катышкан айымдар өздөрүнүн эмоциялары менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат. 11-жолу өтүп жаткан тренингге жалпысынан 200гө жакын аял катышты.

Количество просмотров: 264