• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Кыйын» долбоорунун катышуучулары элге жардам берүүдө

29 Жалган куран 2020 23:06 Бишкек Govori.TV

12-марттан 14-мартка чейин “GOVORI.TV” мультимедиялык маалымат агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөргөн. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан келген алдыңкы айымдар катышкан. Бул долбоор айымдардагы лидерлик дараметин өстүрүү максатында болгон.

Ал эми анын катышуучулары учурда жер-жерлеринде уюштуруучулук иштери менен алек болушууда. Муну менен катар өлкөгө келген коронавирусту жеңүүгө аз да болсо өз салымдарын кошушууда.

Алардын бири Суярова Уларкан Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айыл өкмөтүндө лидер айымдар менен биргеликте дүйнө жүзүн каптап жаткан коронавирусту алдын алууга өз салымын кошуп, өз каражаттарына кездеме алып, маска тиктирип жаткан чактары. Анын айтымында бул маскаларды муктаж болгондорго бекер таратышат.

«Кыйындын» дагы бир катышуучусу Ысык-Көл облусундагы «Кудургу» айыл өкмөтүнүн депутаты Абдиева Айзада ыктыярчыларды чогултуп, тамак жасап, ал жактагы постторго таратууда.

Ушундай эле демилгеси менен «Кыйын» ток-шоусунун катышуучусу Нарындын Ак-Талаа районундагы орто мектепте мугалим болуп эмгектенген Гульбарчын Мамытбекова да чыккан. Ал айылдаштары менен тамак жасап, постторго жана обсервацияларга таратышкан.

Количество просмотров: 135