• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыйын: Эмне үчүн айымдар саясатка аттанат?

14 Чын куран 2020 18:04 Бишкек Govori.TV
Эмне үчүн айымдар саясатка аттанат? Бул тууралуу «Кыйын» ток-шоусунда кеп болот. Программанын катышуучулары: Абдиева Айзада — «Кудургу» айыл-өкмөтүнүн депутаты, Махабат Жумагулова — активист.

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген.

Ысык-Көл облусунан келген Айзада жергиликтүү кеңеште депутат. 3 баланын апасы. Буга чейин өз айылында таза суу маселесин чечүүгө салым кошкон.

“Кыйын ток-шоусунун алкагында уюштурулуп жаткан долбоордон өзүмө жакшы нерселерди ала алдым. Кыйындардын арасына кошулуп, өзүмдү кыйын сезе баштадым”, — дейт айзада Абдиева.

Махабат Жумагулова Бишкек шаарынын тургуну. Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган инсан катары кайсы жаатта болбосун мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошсом дейт.

“Акыркы 10 жылдан бери саясий партиялар менен иш алып барам. Ошондой эле коомдук кеңештин мүчөсүмүн. Өзүмдү жарандык активист катары көргүм келет”, — деди Жумагулова.

Количество просмотров: 1850