• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыйын: Гепатит менен ооругандар көбөйдү. Маселени ким чечет?

21 Жалган куран 202318:00 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренингин өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан келген 17 айым катышты. Катышуучулардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, ишкерлер бар.

Аймактардан келген алдыңкы айымдар «Кыйын» аталышындагы телевизиондук ток-шоусунда өлкөдөгү орчундуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Бүгүнкү чыгарылышта «Гепатит менен ооругандар көбөйдү. Маселени ким чечет?» деген тема талкууланат.

Катышуучулар: Айжан Жамангараева — «Трансплантациядан кийинки жашоо коомунун» негиздөөчүлөрүнүн бири, Анипа Надирова — Вирустук гепатиттин координатору.

Модераторлор: Кайыргүл Урумканова, Аскер Сакыбаева.

Количество просмотров: 751