• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыйын: Кредиткке маалынган кыргызстандыктар

20 Жетинин айы 2020 18:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандыктардын теңинен көбү насыя алып, тиричилигин жүргүзгөндөр десек болот. Бирок төлөгөнгө келгенде туруктуу жумушу жок же башка чыгымдарынан арттыра албай кыйналып, биринин калпагын бирине кийгизип, кыйын абалга кептелишет.

“Кыйын” ток-шоусунда кредиткке маалынган кыргызстандыктар тууралуу сөз болот. Катышуучулар: Жети-Өгүз райондук аялдар коомунун төрайымы Гүлсүн Чыныбаева, Ыссык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаты Рахат Атаканова.

Белгилей кетсек, Гүлсүн Чыныбаева менен Рахат Атаканова тренингдин катышуучулары. 12-13-14-ноябрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөргөн. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көлдөн 17 адам катышкан. Катышуучулардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.

Количество просмотров: 1200