• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

«Кыйын» лидер айымдарга стимул болду. Катышуучулардын тренинг боюнча пикири

12 Бештин айы 2022 11:32 Бишкек Govori.TV

9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” маалымат агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында сегизинчи окутуу иш-чарасын өткөрдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан келген 17 айым катышты.

7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу.

Тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, кибер коркунучтарга каршы санариптик коопсуздук, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилип, бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Аймактардан келген айымдардын тренинг боюнча пикирин төмөндөгү материалдан көрсөңүздөр болот.

Количество просмотров: 361