• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыйын: Миграциянын кыздарга тийгизген таасири

30 Теке 2024 18:18 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг уюштуруп, өлкөнүн булуң-бурчунан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер келди.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Аймактардан келген айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде «Миграциянын кыздарга тийгизген таасири» деген тема талкууланат.

Катышуучулар:

  • Эльзада Турдубаева — Орусиядагы кыргыз диаспорасынын аялдар кеңешинин алдында түзүлгөн жаштар канатынын координатору;
  • Гульжамал Джолдошева — №57 «Саты» жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими;
  • Мээрим Асанова — журналист.

Модератор — Кайыргуль Урумканова.

Количество просмотров: 1215