Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
Борбордук шайлоо комиссиясы 30 округдан чыккан 412 талапкерди каттады. Азыркы учурда жер- жерлерде үгүт иштери кызуу жүрүп жатат.
28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).
Шайлоодогу үгүт өнөкөтүндө кандай бузуулар катталып жатат, жана шайлоого болгон элдин пикири кандай болуп жатат Кыйын ток шоусунда талкууланат.
Эфирдин коноктору: Акбалык Жумалиева БШКнын мүчөсү; Айнура Усупбекова “Жарандык платформа” коомдун уюмунун башчысы.
Модератор Кайыргул Урумканова.