• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыйын: Тил кесмек жок. Блогерлерди коркутуу, сөз эркиндигине кол салуу

15 Жетинин айы 2020 18:00 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 28-октябрында журналист, блогер Эркежан Исаковага белгисиз адамдар тарабынан кутучага салынган иттин башы келген. Иттин башы кимден “белекке” келиши мүмкүн? Бул блогерге болгон кысымбы? «Кыйын» ток-шоусунда талкууланат.

Катышуучу: Активист, блогер Элмира Ниязбекова.

Белгилей кетсек, Элмира Ниязбекова тренингдин катышуучуларынын бири. 12-13-14-ноябрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөргөн. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көлдөн 17 адам катышкан. Катышуучулардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.

Количество просмотров: 215