Ноябрда аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк гендердик зомбулукка каршы активдүүлүк акциясы башталган. Жыл сайын жүргүзүлүүчү глобалдык акция 25-ноябрь, Эл аралык Аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу күнү башталат жана 10-декабрь Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө чейин созулат.
16 күндүк акция аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка байланыштуу жымжырттыкты жоюуга жана басмырлоонун бардык түрлөрүн токтотуу боюнча жамааттык аракеттерди күчөтүүгө багытталган. Дүйнө жүзүндө жана үйдө аялдар жана кыздар зордук-зомбулукка кабылышууда, бул адам укуктарын жана туруктуу өнүгүүнү жүзөгө ашыруу үчүн олуттуу көйгөй болуп саналат.
«Зомбулукка каршы 16-күндүк кампаниясы. Мыйзамдагы кандай өзгөлүүлөрдү билиш керек?», деген темадагы Кыйын токөшоусу өтөт.
Ток-шоунун катышуучулары, Ашимова Динара, Жогорку Кеңештин депутаты, Кыял Жанузакова , Эмгек, социалдык, камсыздоо жана миграция министринин орун басары, Гульбарчын Жумабаева, гендердик эксперт, «Зомбулукка каршы бирге күрөшөлү» кыймылынын мүчөсү.
Модератор: Кайыргүл Урумканова