• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кылмыш кылып, качып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

27 Аяк оона 202417:46 Бишкек Govori.TV


ИИМдин кызматкерлери тарабынан кылмыш кылып, качып кетип издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын аймагында ыкчам издөө иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин ыкчам каттоосунда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турган, Жалал-Абад облусунун тургуну 40 жаштагы О.Э. аттуу жаран кармалды.

Кармалган жаран өзгөчө оор кылмышты жаап жашыруу беренеси менен 2024-жылдын июль айынан бери издөөдө болгон.

Учурда кармалган жаран камакка алынып, кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

Количество просмотров: 213