Бишкек.26.12.2018.Govori.TV
Жаңы Кылмыш-жаза кодексинин ишке кириши менен гумандаштыруунун негизинде 450 адам абактан чыгат. Бул боюнча парламенте укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйында жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди.
Ал сотторго майда кылмыш иштерин кыскартуу боюнча көрсөтмөлөр даярдалып жатканын айтты.
Акыркы расмий маалыматка ылайык Кыргызстанда абакта отургандардын саны сегиз миңден ашат.