Кылмышка каршы күрөшүү кызматкерлеринин арасында ок атышуу болдубу?
Кылмышка каршы күрөшүү кызматкерлеринин арасында ок атышуу болдубу?
10 Тогуздун айы 2018 10:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.10.2018. Govori.TV
6-октябрь күнү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкектин чок ортосунда ок атышканы тууралуу маалымат чыкты. Бул тууралуу кече «Акипресс» маалымат агенттиги жазган. Маалыматта жазылгандай Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кылмышка каршы күрөшүү кызматынын кызматкрелеринин арасында ич ара атышуу болгон. Учурда бул окуяны тактоо иштери жүрүп жатканын Бишкек ШИИББдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Мира Абдылдаева билдирди.
Эми жогорудагы иштин жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратура иликтөө жүргүзүп, юридикалык баа бермекчи.