• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кылычбек Султан Кыргызстанга келди

21 Жетинин айы 2018 4:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.11.2018.Govori.TV

Мурунку элчи Кылычбек Султан Кыргызстанга кайтып келди. Бул маалыматты ал өзү таратты.
Экс-элчи Facbook баракчасына өлкөгө кайтып келгени тууралуу төмөнкүдөй пост жарыялады.

«Ооба, достор жана дос эместер мен Бишкекке келдим! Мен дайыма өлкөгө кызмат кылгамын жана кызмат кылууну уланта берем. Бирок кээ бир «профессионалдарга» окшоп, кресло сактап калууну максат кылган жокмун. Мен мекенчил атуулдар менен биргеликте кыргызстандын өнүгүү жолдорун талкуулоо жана алар менен кезигүү үчүн келдим.
Башпаанек суроо боюнча, Сооронбай Жээнбековдун жакын тегереги боюнча, саясий туткундар Текебаев, Жапаров, Исаков тууралуу жана башка суроолорго кенен-кесир жакын арада жооп берем»,-деп жазды экс элчи.

 

Ал буга чейин кыргызстанга келе жатканын, Алмата шаарына келип аз убакыттын ичинде Бишкек шаарына кирип бара турганын «24 KG» басылмасына билдирген.

«Мен бир дагы өлкөдөн башпаанек сураган эмесмин. Бул тек гана пресса үчүн арыз болгон. Менин ар түрдүү мамлекеттердин дипломатиялык корпустары менен байланышым бар. Мен үчүн башпаанек алуу жеңил, бирок мен аны каалаган жокмун. Арыз жазуудагы максатым кыргызстандагы бүгүнкү бийликтин жүзүн көрсөтүү болгон.
Өлкө башчысына Тышкы иштер министрлигиндеги көйгөйдү жеткирүү үчүн ушундай маалыматтык ыкма колдонгомун.
Сооронбай Жээнбеков менин дипмиссиядагы арыздарыма олуттуу караш керек болчу»,-деп билдирген Кылычбек Султан.

Эскерте кетсек,12-октябрда Кылычбек Султан чет өлкөдөн башпаанек сураганын «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазган. Ал ошол эле күнү Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси кызматынан бошотулган. Ага чейин Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузуу тууралуу билдирүү таратып, журналисттерге пресс-конференция уюштурган. Президент Сооронбай Жээнбеков андагы маалыматтарды текшерүүнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырма катары тапшырган.

Катчылык өз корутундусун жарыялап, анда Тышкы иштер министрлигинде мыйзам бузулган жагдайлар тууралуу сөз болгон.

Жыйынтыгында Кылычбек Султан мурда Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөндө мыйзамга туура келбеген иш-аракеттерге барганы боюнча маалымдалган. Анын алдында Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министри кызматынан өз арызы менен баш тартып, кызматтан кеткен.

Экс-элчи Президент Сооронбай Жээнбеков менен кезигүүнү максат кылып жатканын дагы кошумчалаган.

Мындан сырткары Кылычбек Султан  24-ноябрда өтүүчү курултайга дагы катышат.

Количество просмотров: 30