• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргыз аскерлери Казакстанга кандай максатта барат? Ташиевдин жообу

7 Үчтүн айы 2022 11:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңеш Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселеси боюнча чукул жыйынга чогулду.

49 депутат каттоодон өтүп, коңшу Казакстандагы кырдаалды, анын ичинде Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселесин талкуулап жатышат.

Жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге » кыргыз аскерлери Казакстанга кандай максатта барышат?» деген суроо узатылды.

УКМКнын төрагасы Ташиевдин айтымында, жоокерлер мамлекеттик объектилерди коргоо максатында барат.

«Азыркы учурда Казакстанда кырдаал салыштырмалуу нукка түшө баштады.  Башында ЖККУ менен сүйлөшкөндөй биздин аскерлер мамлекеттик объектилерди кайтарат. Эч кандай митингдерге катшыпайт. Тактап айтканда, казак тарап бизден жардам сурап,  Биз жардам колубузду сунуп жатабыз», — деп билдирди Ташиев.

Количество просмотров: 568