• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Кыргыз бийлигине нааразы болуп жүргөн кыргызстандык модель Сусанна Егорян өкмөттөн жардам сурады

12 Бугу 202017:03 Бишкек Govori.TV

Санкт -Петербургдагы кыргызстандык модель Сусанна Егорян мекенине кайтууга, кыргыз өкмүтүнүн жардам берүүсүн өтүндү.

Модель Сюзанна Егорян Инстаграмдагы баракчасына Санкт-Петербургда экендигин жарыялап, кыргыз өкмөтүнөн үйүнө алып кетүүсүн өтүндү.

«Мен үйгө кете албай жатам! Карантин канчага чейин созулаары белгисиз. Менин Россияда калуум бүттү, жана мен чындыгында эле үйүмө — Кыргызстанга кетким келет. Мен Кыргызстандын элчилигине чалып, алардан сурадым. Эч ким жооп берген жок. Билеттер да кымбат. Мага эч нерсенин кереги жок, үйдөгү ата-энелерим дагы кайгырып жатышат. Мен аларды көрө элекмин. Карантин бүтөт деп үмүттөнүп, бир жарым ай күттүм. Бирок, бүтүп калды! Мен үйгө кетким келет!», — деп жазды модель.

Эске салсак, буга Сусанна Егорян World next top Model сынагына Кыргызстандын атынан кетип, кийин Армениянын намысын коргоп чыкканы талкуу жаратып, бул окуя менен көпчүлүккө таанылган. Андан көп узубай «жакын арада жарандыгымды алмаштырууну ойлоп жатам» деген кыргызстандык модель Сусанна Егорян кыргыз өкмөтүнө нааразычылык билдирген болчу.

Количество просмотров: 1668