• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Кыргыз делегациясы Якутияда кыз зордуктоого шектелген жараны менен жолукту

20 Жалган куран 2019 16:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.03.2019.Govori.TV.

Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов жетектеген кыргыз делегациясы кыз зордуктоого шектелип кармалган кыргыз жараны менен жолукту. Бул тууралуу миграция кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык сот шектүү делген 1995-жылы туулган кыргыз жаранын камакка алуу чечимин чыгарган.

Шектүүнүн айтымында ага карата эч кандай басым болгон эмес жана ага жактоочу менен котормочу берилген.

Эске салсак, Якутияда кыргызстандык жаран зордуктоого шектүү катары кармалган. Ушундан улам 18-мартта Якутск шаарынын тургундары мыйзамсыз мигранттарга каршы нааразылык акциясына чыгышкан.

19-мартта Кыргызстандын Миграция кызматы жана Орусиядагы элчиликтин өкүлдөрүнөн турган делегация Якутияга барып, республиканын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн.

Количество просмотров: 5