7-февралда Кыргыз футболдук союзунун Шайлоо комитетинин жыйыны болуп, анда КФСтин Президенти, Биринчи Вице-президенти, Вице-президенти жана Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө болгон шайлануучу кызмат орундарына талапкерлердин баштапкы тизмеси каралып, бекитилди. Бул тууралуу футбол союзунан билдиришти.
Белгилей кетсек, талапкерлерлик үчүн арыздар 5-февралга чейин кабыл алынган.
КФСтин Шайлоо кодексине ылайык, КФСтин бир мүчөсүнөн ар бир бош кызмат ордуна бирден талапкер көрсөтүлөт. Кыргыз футболдук союзунун Президенттик кызматына бир гана талапкер — Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич көрсөтүлдү. Аталган талапкерди «Талант» футболдук клубу сунуштады.
КФСтин Биринчи Вице-президенти, Вице-президенти жана Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө болгон шайлануучу кызмат орундарына төмөнкүлөр көрсөтүлдү: https://kfu.kg/alldocuments
19-февраль күнү «Novotel» отелинин жыйындар залында КФСтин 2024-жылкы Кезексиз Конгресси орун алып, анын жүрүшүндө жетекчиликтин жаңы курамы шайланат.