• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргыз футбол союзунун президенттигине шайланган Ташиев ишин эмнеден баштай турганын айтты

19 Бирдин айы 2024 12:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-февралда Кыргыз футбол союзунун президенттигине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев шайланды.

Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип, алдыда ишти эмнеден баштай турганына токтолду.

«Футболдун кандай акылбалда экенин жакшы билесиздер, кыргыз элинин баары билет. 3 көйгөйдү чечүү зарыл. Биринчи, футбол инфраструктурасын өнүктүрүү керек. Балдарды ойнотконго шарт жок. Өлкөнүн ар бир айылында футбол аянтчадарды курабыз. Кыргызстан футболдун өлкөсү болот. Биз футболду сүйгөндөргө шарт түзүп беребиз. Футбол башка тармактардагыдай эле кесип. Үчүнчү, ич ара мелдештерди уюштуруу маанилүү», — деди Ташиев

Кошумчалай кетсек, Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти 2020-жылдан бери жетектеп келет. Ошондой эле 2021-жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматы да кошулган.

Количество просмотров: 122