• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргыз-казак «Айтыш-2021» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

1 Аяк оона 2021 12:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, төкмө акын Жеңижоктун 160 жылдыгына жана казак акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдыгына карата кыргыз-казак эл аралык «Айтыш- 2021» сынагы 31-август күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Айтыш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Республикалык «Айтыш» коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филормониясындагы айтышка ар тараптан сегиз акын катышты: Бөрүбай Орозымбетов, Айбек Калиев, Нурмат Мансуров, Мухтар Ниязов, Нурлан Эсенкулов, Аспанбек Шугатаев, Эрженис Эбдиев, Алтынбек Ибрагимов (Казакстан) жана Амантай Ахманалиев, Айылбек Акматов, Кубат Тукешов, Жылдыл Жумаев, Мундузбек Борончуев (Кыргызстан).

Баш байге:

Асылбек Маратов жана Айбек Калиев

1-орун

Акматбек Султан уулу жана Аспанбек Шугатаев

2-орун

Нурмат Мансуров жана Турат Жумаев

3-орун

Кубат Тукешов жана Бөрүбай Орозымбетов.

Количество просмотров: 356