• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кыргыз-казак чек арасында 300гө жакын фура жана жеңил унаалар турат

1 Чын куран 201911:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.04.2019.Govori.TV.

Кыргыз-казак чек арасында 300гө жакын фура жана жеңил унаалар турат, — деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирет.

2019-жылдын 1-апрелине саат 08:00гө карата чек арадагы абал төмөнкүдөй:

-«Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү пунктунда 223 жүк ташуучу унаа кезекте турат;

31-март саат 20:00дөн 1-апрель саат 08:00гө чейин аталган көзөмөл өткөрүү пунктунан 158 оор жүк ташуучу унаа өткөрүлгөн;

-«Чоң-Капка» көзөмөл өткөрүү пунктунда 60-70 жеңил унаа жана 25-30га жакын жүк ташуучу унаалар турат.

«Казастандын көзөмөл жайларында жүргүзүлгөн дыкат текшерүү унаалардын кезек күтүп калуусуна себеп болууда», — деп кабарлашты чек ара кызматынан.

“Акжол”, “Чалдыбар”, “Токмок” жана “Кең-Булуң” көзөмөл өткөрүү пункттары кадимки тартипте иштеп жатат.

Количество просмотров: 15