• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргыз-казак чек арасында абал кандай?

6 Үчтүн айы 2022 20:04 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы кабарлады.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү жайлары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүнү штаттык режимде жүргүзүп жатат.

КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагында 7 авто жол өткөрүү жайлары иштеп жаткандыгын эскертет, алар Чүй облусунда: «Ак-Тилек-авто жол», «Ак-Жол-авто жол», «Чалдыбар-авто жол», «Кең-Булун-авто жол», «Токмок-авто жол»; Талас облусунда «Чоң-Капка-авто жол» жана Ысык-Көл облусунда «Каркыра-авто жол» өткөрүү жайлары.

2022-жылдын 5-январынын саат 00:00дөн 6-январдын саат 00:00гө чейин кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын 5500 адам кесип өткөн, анын ичинде: Казакстандан Кыргызстанга 2384 адам, анын ичинде 671 адам Кыргызстандын жарандары 1644 адам Казакстандын жарандары. Ал эми Кыргызстандан Казакстанга 3076 адам өтүп, анын ичинде 676 адам Кыргызстандын жарандары, 2349 адам Казакстандын жарандары.

5нен 6-январга караган түнү Казакстан менен мамлекеттик чек арадан 447 оор жүк ташуучу транспорт каражаттары өтсө, анын Кыргызстанга 268 оор жүк ташуучу транспорт каражаттары кирип, 179 унаа чыгып кеткен.

Казакстан менен мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.

Оор жүк ташуучу транспорт каражаттарын «Ак-Тилек-авто жол», «Чалдыбар-авто жол», «Чоң-Капка-авто жол» жана «Каркыра-авто жол» өткөрүү жайлары аркылуу өткөрүү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы #84-р буйрутмасынын талаптарынын негизинде аткарылып жатат. Бош оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Кыргызстандан Казакстанга «Кең-Булун-авто жол» өткөрүү жайы аркылуу чыкса болот, ал эми темир жол аркылуу жүктөрдү «Кайыңды-темир жол» өткөрүү жайы аркылуу өткөрсө болот.

КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз тарап да, казак тарап да жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү алып өтүүгө жана алып кирүүгө эч кандай кошумча чектөөлөрдү киргизбегендигин эскертет.

Количество просмотров: 361