• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар топтолду

5 Тогуздун айы 202317:37 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” жана “Кең -Булуң” өткөрмө бекеттеринде 569 жүк ташуучу унаа топтолуп турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

“Кең-Булуң” постунун алдында 121, “Ак-Тилек” – 395, “Чалдыбар” – 53 унаа өтүү үчүн кезекте турат.

“Жүк ташуучу унаалардын топтолушу Кыргызстандан башка өлкөлөргө айыл чарба товарларынын экспорттоонун сезондук өсүшү менен байланыштуу болууда”, — деп жазылат маалыматта.

Чек ара кызматы Кыргызстан тараптан дагы, Казакстан тараптан дагы чек арадан өтүүгө эч кандай чектөө жоктугун кошумчалады.

Количество просмотров: 175