• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштады

6 Чын куран 201915:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.04.2019.Govori.TV.

Азыркы учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал жөндөлүүдө, өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде оор жүк ташуучу унаалардын топтолушу катталган соң, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун талкуулаган.

Жетишилген макулдашууга ылайык, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков баштаган делегация Нур-Султан (Казакстан Республикасы) шаарына жөнөтүлгөн. Эки өлкөнүн компетенттүү органдары дагы өз ара үзгүлтүксүз байланышта болушуп, маселени тезинен чечүүгө багытталышкан.

Нур-Султан шаарында бардык жолугушуулар ачык жана конструктивдүү негизде өттү.

Учурда кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштады. Казак тарап 2019-жылдын 5-апрелинен тартып калк керектөөчү товарлар жүктөлгөн оор жүк ташуучу унааларды мурдагы режимде өткөрө баштады. Жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалардын топтотулушу боюнча маселе толук түрдө чечилүүсү күтүлүүдө.

Количество просмотров: 15