Бишкек шаарында Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн Фрунзеге чейинки бөлүгү 17:00дөн 23:00гө чейин жабык болот.
Маалыматка ылайык, жолдун убактылуу жабылышы футбол боюнча «Үч улуттун кубогу» эл аралык турнирин өткөрүүгө байланыштуу.
«Ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Панфиловдон Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгү дагы жабык болот»,-деп айтылат маалыматта.
Кайгуул милиция башкармалыгы айдоочуларды чектөөлөрдү түшүнүүнү жана жолду алдын ала пландаштырып алууну өтүнөт.