• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Кыргыз — кытай чек арасы убактылуу жабылат

29 Бештин айы 20239:53 Бишкек Govori.TV

Жаңы жыл майрамына карата кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан  «Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» өткөрүү жайлары жабылат. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөрүү пункттары 1-январь күнү гана иштебей, 2-январдан тарта ишин штаттык режимде улантат.

Кошумчалангандай, «Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» өткөрүү жайлары иш күндөрү гана ачык, ишемби жана жекшемби жабык болот.

Количество просмотров: 264