• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз-орус алакасы. Жапаровдун Сочиге болгон сапарын эксперттер талдайт

24 Бугу 2021 19:31 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Россия Федерациясынын Сочи шаарына барды. Анын алкагында Жапаров Россия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Кыргыз коомчулугун эң ириде Орусия менен алака-катыш, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал, тышкы саясаттагы багыттар өңдүү жагдайлар кызыктырып жаткан чагы. Эксперт Аскар Бешимов эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунда кыргыз-тажик чек арасындагы туруктуулукту бекемдөө темасы маанилүү деген пикирде.

Саясат таанучу Шерадил Бактыгулов Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелер солгундап калганын белгилеп, бул жаатта алгылыктуу иштерди алып баруу керектигин айтты.

Ал эми эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгулдун пикиринде, жаңы президент жана анын командасы коңшулар менен болгон мамилени жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбашы керек.

Белгилей кетсек, бул сапар үстүбүздөгү жылдын 10-майындагы Кыргызстан менен Орусиянын лидерлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө макулдашылган. Өлкө башчыны коштоп кеткен делегациянын курамында Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.

Количество просмотров: 397