• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз Премьер-Лигасынын оюндары жанданат

5 Баш оона 202010:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы саналган Кыргыз Премьер-Лигасынын оюндары 7-августа кайра жанданат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдиргендей, Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы саналган Кыргыз премьер-лигасынын оюндарын улантууга 4-августа уруксат берилди.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын таралышын алдын алуу максатында оюндар көрүүчүлөрсүз өткөрүлөт. Турнирди Кыргыз Спорт Тв каналы түз алып көрсөтөт.

7-август күнү 1-турдун алкагында эки оюн өтүп, мында “Алай” менен “Абдыш-Ата”, “Илбирс” менен “Кара-Балта” командалары беттешет.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген карантинден улам спорттук мелдештердин баары 21-марттан баштап токтотулган болчу.

Количество просмотров: 76