• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргыз спортчулары Абу-Дабиде өткөн олимпиадада эки алтын медаль утушту

22 Жалган куран 2019 13:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.03.2019. Govori.TV.

Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарында 12нен 20-мартка чейин өткөн атайын олимпиадада Кыргызстандык спортчулар эки алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, беттешүүлөрдүн акыркы күнүндө Перизат Жаныш кызы (атлет) жана Илитай Мамбеталиева (өнөктөш), “бириккен спорт” программасында биргеликте чыгып, бадбинтондун түгөйлүк разрядында алтын медалды жеңишкен. Алар Оман, Кувейт жана Казакстандан келген тайпаларды артка калтырышкан.

Буга чейин жеңил атлетчи Гүлзада Калыкул кызы алтын медаль жеңген.

Беттештерге интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрү чектелген спортчулар катышкан.

Количество просмотров: 11