• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Кыргыз спортчулары Бразилияда өтө турган сурдлимпиадалык оюндарына катышат

27 Чын куран 2022 17:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын спортчулары Бразилияда өтө турган ХХIV жайкы сурдлимпиадалык оюндарына катышат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-15- май күндөрү өтүүчү Бразилянын Кашиас-ду-Сул шаарында өтүүчү ХХIV сурдлимпиадалык жайкы оюндарына кыргызстандын атынан спорттун беш түрү боюнча 14 спортчу күч сынашат.

Жөнөп жаткан кыргызстандык спортчулар менен Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев жолуккан. Ал кыргызстандын атынан барып жаткан спортчуларга ийгилик каалап, салтка айланган кыргызстандын желегин тапшырды.

“Урматтуу биздин спортсмендер, аман-эсен барып келиңиздер. Буйруса ар бириңиздерден жеңиш күтөбүз. Кыргызды дүйнөгө таанытып,гимнибизди ойнотуп, желегибизди желбиретесиздер деп ишенем. Мамлеккет тараптан мындан ары да сиздерге көңүл бөлүнүп жардам беребиз. Дагы бир жолу ийгилик каалайм”- деди Шабданбаев.

Кошумчалай кетсек, жайкы оюндарга жалпы 20 киши барат.

Количество просмотров: 96