Кыргыз спортчулары грэпплинг боюнча дүйнөлүк чемпионатта 21 медаль утушту
Кыргыз спортчулары грэпплинг боюнча дүйнөлүк чемпионатта 21 медаль утушту
10 Аяк оона 201811:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек.10.09.2018.Govori.TV.
Кыргызстандык спортчулар грэпплинг боюнча дүйнөлүк чемпионатта 21 медаль утушту. Бул тууралуу flograppling.com сайты жазды.
Аталаган спорттук иш-чара 6-9-сентябрь күндөрү Астана шаарында өткөн.
Дүйнөлүк чемпионат мектеп окуучулары, кадеттер, өспүрүмдөр, чоңдор жана ардагерлер арасында өттү.
Анда кыргызстандыктар 1 алтын, 6 күмүш жана 14 коло медалды багындырышып,ийгиликке жетишти.
Кошумчалай кетсек, алтын медалды мектеп окуучусу Айдай Орозбекова утуп алды. Ал 57 килограмм салмак ченинде украиналык 1 жана орусиялык 3 спортчу менен беттешти.