• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

2023-жылы кыргыз спортчулары жалпы 812 медаль утту

31 Бештин айы 2023 13:24 Бишкек Govori.TV

2023-жылы кыргыз спортчулары ар кандай мелдештерден жалпы 812 медаль утту. Анын 258 алтын, 241 күмүш жана 313 коло болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган маалыматта айтылат.

Маалыматка караганда, 2023-жылы Кыргызстандын аймагында 13 миң 475 адамдын катышуусу менен 285 республикалык спорттук-массалык иш-чара өттү.

Ал эми 10 миң 252 спортчунун катышуусу менен 206 эл аралык спорттук-массалык иш-чара өткөн.

Андан тышкары:

  • 301 облустук;
  • 359 шаардык;
  • 570 райондук спорттук-массалык иш-чара өткөн. Аларга жалпы 92 миң 964 адам катышкан.

«207 окуу-машыгуу жыйындары өткөрүлүп, ата мекендик спортчулар 254 эл аралык мелдешке жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 181