Анкарада өткөн кыргыз-түрк бизнес форумунун жыйынтыгында 1 млрд сомдон ашык суммага экспорттук келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде:
«Дан Агро Продактс» менен «Башан Агро Гида Сан» ЖЧКсынын ортосунда Түркияга 4,6 млн АКШ долларына буурчак өсүмдүктөрүн жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.
Ve Tic A.Ș. жана 1,8 млн АКШ доллары өлчөмүндө Кыргызстандан жаңгакты экспорттоо боюнча баштапкы келишим түзүлдү.
Мындан тышкары, буларга кол коюлду:
«Бул макулдашуулар өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жана эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу платформа түзүүгө карай маанилүү кадам болуп саналат. Бул документтерге кол коюу тараптардын кызматташууну кеңейтүүгө жана келечекте өз ара пайдалуу өнөктөштүк үчүн шарттарды түзүүгө умтулуусун айгинелейт», — деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, форумда стенддер, презентациялар жана Кыргызстандын өнөр жай (жеңил жана оор), айыл чарба, саламаттыкты сактоо, энергетика жана туризм сыяктуу түрдүү секторлордогу потенциалы көрсөтүлдү. Инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, салыктык жеңилдиктер жана мамлекеттик колдоолор талкууланды.