• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кыргыз тарап ММУнун филиалын ачууну жетинчи жолу сунуштап, ММУнун ректору уяткарды

27 Жалган куран 201921:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.03.2019.Govori.TV.

Бүгүн Бишкекте өткөн Кыргызстан менен Россиялык ректорлордун биринчи форумунда кызыктай жагдай жаралды.

Тактап айтканда кыргыз тарап ММУнун филиалын Кыргызстанда ачууну сунуштады. ММУнун ректору М.Садовничий бул сунуш кыргыз тараптын жетинчи жолку сунушу экендигин белгиледи.

«Мен буга чейин алты жолу макулдук бердим. Бир жолу билет да алып алдым эле. Ишке ашпай калды. Мында Москва университетинин күнөөсү жок,»-деди ал.

КР илим жана билим берүү министри Г. Кудайбердиева ММУнун филиалын ачууну эмне себептен акырына чыгарбай келгендиктери боюнча кабары жок экендигин айтып, ийин куушурду.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте «Илим менен билимди өнүктүрүү-келечекке инвестиция» деген аталышта кыргыз-россиялык ректорлордун биринчи форуму өтүүдө.

Количество просмотров: 16