• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан атышуу болду

24 Бугу 202015:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында, тактап айтканда Баткен районун Мойнок аймагында ок атылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган аймакта Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары мал кайтарууга аракет жасашкан.

«Тажикстан тараптагы белгисиз адамдар кыргызстандык чек арачылар тарапка ок атышкан. Саат 11:40 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болгон. Жаңжалдан Кыргызстандын чек арачылары жабыркаган жок.

Саат 12:20да эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушуп, окуя болгон жерге барышты. Учурда аталган тилкеде абал салыштырмалуу туруктуу. Тараптар окуянын чоо-жайын териштирип жатат», — деп айтылат маалыматта

Количество просмотров: 2154