• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргыз — тажик чек арасындагы жаңжал. Мугалимдерин 4 күндүн айлыгы кесилбейт

1 Чын куран 2019 15:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.04.2019. Govori.TV.

Баткен районунун Аксы жана Көк-Таш айылындагы мугалимдердин 14-18-марттагы айлыктары кесилбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен белгилешти.

Мекеме социалдык тармактагы чек ара чатагы учурунда окуу болбогон мектептерди мугалимдердин айлыгы кесилери боюнча маалыматты четке какты.

«Мугалимдердин иш күндөрү боюнча маалыматтар 29-мартта келип түштү. Айлыкты чегерүү 1-апрелде башталды. Ал күндөр үчүн маянасы кесилбейт. Акчаны толук алышат», — дейт министрлик.

Белгилей кетсек, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында 14-март күнү чыр чыгып, 18-март күнү гана келишимге кол коюлду. Бул күндөрү айыл тургундары сыртка чыгарылып, мектептер жабылган. 

Количество просмотров: 3