Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 10-январынан 16-январына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун жана жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
«Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашышты.Тараптар Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду»,-деп жазылат маалыматта.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.