• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргыз-тажик тарап коопсуздукту камсыздоодо бирге иш алып барууну макулдашты

18 Бугу 2021 15:25 Бишкек Govori.TV

17-майда Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасында жолугушту. Бул тууралуу 18-майда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, облус башчылары чек аралаш аймакта буга чейин болгон окуялардын кайталануусуна жол бербөө, чыр чатактарды алдын алуу, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешип иш алып баруу жөнүндө сүйлөштү.

Мындан тышкары алар күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте чек арада жума сайын жолугууну макулдашты.

Эки мамлекеттин чек арачыларынын биргелешкен патрулу түзүлүп, Баткен облусунун Ак-Сай айылы менен Согд облусунун Ворух айылы чектешкен жерге эки айылга кирип-чыккан тургундардын коопсуздугу үчүн милиция кызматкерлеринин биргелешкен посту коюлду.

17-майда Ак-Сай айылынын тургундары бул айылдан үч тажикстандыкты, ал эми тажик жарандары Ворух аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргызстандыкты кармап алган. Облус жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин алар алмаштырылган.

Кыргыз тарап үч тургуну сабалганын, алар түрдүү жараат менен Баткендеги аймактык ооруканага жеткирилгенин, ал эми тажик тарап жүргүнчү ташыган кичи автобуста бараткан үч тургунуна таш тийгенин билдирген.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Алимбаев менен Ахмадзода “кыргыз жарандарын сабаган тажикстандыктарды мыйзам чегинде жоопко тартууну макулдашканын” кабарлаган.

Бул окуялардан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага жакын жайгашкан райондорунун тургундары өз бийликтерине кайрылып, чек аралаш айылдардын ортосунда тоскоолдуксуз кыймылды камсыз кылып берүүнү өтүнүшкөн.

28-29-30-апрелде жана 1-майда бул аймакта куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык, 19 адам тажикстандык каза болгон.

Количество просмотров: 77