• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын ишине байланыштуу төрт адам камакка алынды

5 Кулжа 2020 18:23 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Кыргыз темир жолу» ишканасынын ишине байланыштуу төрт адам камакка алынганын 5-июнда кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, алар — ишкананын азыркы жана мурда иштеп кеткен жооптуу кызматкерлери, сатып алууга катышкан башка компаниянын бир өкүлү.

Алар ишканадан акча каражатын алып чыгуу боюнча коррупциялык схемага тиешеси бар деп шек саналууда.

Атайын кызмат мамлекеттик сатып алууда баалар атайылап жогорулатылып, бөлүнгөн акчанын 15% ишкананын мурдагы жетекчилигине түшүп турган деп шек саноодо.

УКМК «сотко чейинки териштирүүнүн алкагында жүргүзүлгөн соттук экспертизанын жана Эсеп палатасынын аудитинин натыйжасында мамлекеттик сатып алуу иштеринин айрымдары боюнча гана мамлекетке олуттуу материалдык чыгым келтирилгени аныкталды» деп билдирди.

Ишкана өзү атайын кызматтын маалыматы боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги быйыл апрель айында алмашкан. Башкы директор Канатбек Абдыкеримов кызматтан бошотулуп, ордуна Василий Дашков дайындалган.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 121