• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Кыргыз темир жолундагы» коррупция: Салык кызматынын инспектору кармалды

17 Баш оона 2020 11:13 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башкы инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурунку жетекчилиги тарабынан ири суммадагы акча каражатынын чыгарылып кетиши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат.

Табылган далилдердин негизинде 14-августта башкы инспектор А.М. колго түштү. Ал «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын сынактарына катышкан айрым компаниялар менен байланышта болуп, аталган коррупциялык схемада негизги ролду аткарган.

«А.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Жазык кодексиндеги 319-берене боюнча шектелип жатканы билдирилген. Ал эми 15-августта Биринчи май райондук соту тарабынан аны камакка алуу чечими чыкты. Учурда тергөө жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурунку башкы директору А.К.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалганы маалымдалган. Ишкананын мурунку башкы директору А.К.А. ишкананын филиалдарынын жетекчилери, ошондой эле ишкер А.А.А. менен көмүскө бүтүмгө келип, көмүскө киреше тартуу боюнча туруктуу топ түзгөн. Аталган коррупциялык схеманын кесепетинен 2018-жылы ноябрь айынан баштап 2020-жылдын апрель айына чейин мамлекеттик ишкананын көмүскө кассасына 8-9 млн сом түшүп, анын 50 пайызын башкы директор А.К.А. алып, калганын жогорку жана орто звенодогу жетекчилерге бөлүп берген. Анын мыйзамсыз аракеттеринин кесепетинен айрым жеке мамлекеттик сатып алууларга келтирилген зыяндын көлөмү 22 миллион сомдон ашкан.

Количество просмотров: 228