• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Кыргыз тилинде сүйлөй албаган Бишкек мэринин орусчасы да сын жаратууда

24 Баш оона 2018 13:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.08.2018.Govori.TV.
«Кыргыз тилден аксаган Бишкек мэринин маалымат кызматы орус тилден аксайбы?»,- деген суроону журналист Кубатбек Айбашов Бишкек мэриясыны аппарат башчысы Балбак Түлөбаевге узатты.
Анда Айбашов, мэриянын сайтына расмий тилде маалымат жайгаштырган адистер анын каталарына же көңүл бурбайт, же тексттин ката жазылганын аңдоо дараметтери чектелүү сыяктанат, деп жазган.
Алсак, кечээ Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев менен “Кыргызстандын жаш мууну” (Молодое поколение Кыргызстана) коомдук-саясий блогунун өкүлдөрүнүн жолугушуусун жарыялашкан. Маалымат орус тилинде жазылып, иш-чаранын жүрүшүн жана тараптардын талкуулаган маселелерин чагылдырган.

 

«Маалымат кызматтын ишинин чалагайымдыгын көрсөтүү үчүн тексттин ичинен бир нече мисал келтирүү жетиштүү болоор.
— “Молодое покЛОНЕНИЕ Кыргызстана” деп жазылган – туурасы “Молодое поколение Кыргызстана” болмок. Бул сөздүн ката жазылышы бир эмес, бир нече жерде кездешет, алар 2 күндөн бери өзгөртүүсүз турат. Малымат кызматында аны же эч ким байкабайт, же “ката” деп эсептешпейт.
— “…проекты ОбщественнЫЙ политическИЙ блок…”, “…с представителями ОбщественнЫЙ политическИЙ блок…”. Туурасы “…проекты Общественного политического блока…”, “…с представителями Общественного политического блока…” болмок, “общественно-политического блока” десе дагы да туура болмок беле. Ошондой эле, текстте “…состояЛОСЬ встреча…” деп айтылган, туурасы “…состоялась встреча…” эмеспи? Маалымат кызматындагы адистер орус тилиндеги мүчө, жалгоо (окончание) дегенди окубай калышканбы?».- дейт журналист.

«Текстте булардан башка да сөз куроо, сүйлөм куроо эрежелери сакталбаган, баш аягы жок сүйлөмдөрдү кездештирүүгө болот. Ушундай каталар менен жазып, элге жарыялоо бери дегенде уят, ары дегенде жоопко тартуучу маселе десек болот. Балбак байке, бул айрым кемчиликтерди көрсөткөн конструктивдүү сын. Туура кабыл алып, көңүл буруп коёрсуз»,-деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек Курман айт күнү  Суракматовдун эл алдына чыгып кыргызча сүйлөгөнү соц.тармакта  кызуу талкууга түштү. Анда ал «Курман ыраазы болсун, кабыл болсун», деп элди таң калтырган.
Ал эми журналист Канышай Мамыркулова мэрдин мамлекеттик тил сынагынан өтүп кеткенине каршы болуп сотторго арыз менен кайрылып жүргөнү көпчүлүккө маалым.
Количество просмотров: 37