• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо: Ташиев Кыргызстандын карамагында калган жерлерди тизмектеди

17 Жетинин айы 2022 11:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарында 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” жана “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдардын долбоору талкууланууда.

Жыйын президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.

Алгач Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы маалымат берип, Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттөр аралык комиссияларынын ишинин жетишилген жыйынтыктарына токтолду. Камчыбек Ташиев белгилегендей, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен төмөнкү участокторду Кыргыз Республикасына калтырып жазуу боюнча макулдашылды: Гавасай 12 849 га, Көк-Серек 105 га, Баястан 212 га, Унгар-Тоо 35 га, Кара-Белес 25 га, Ак-Таш 100 га, Шарихан-Сай каналынын бир бөлүгү 19,5 га.

Ал эми Орто-Токой суу сактагычы толугу менен Кыргызстандын карамагында каларын билдирди.

Мындан тышкары, Кемпирабад суу сактагычы боюнча 4485 гектар жер Өзбекстандын карамагында каларын маалымдады. Муну менен катар суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешип башкаруу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын сууга тоскоолдуксуз жана чектөөсүз кирүүсүн өзбек тараптан камсыздоо, тегерегине эч кандай инженердик-техникалык курулмаларды орнотпоо талабы камтылып жатканын айткан Камчыбек Ташиев: “Суу башкарууну эки мамлекеттин өкүлдөрү тарабына жүргүзөт”,– деди.

Количество просмотров: 197