• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргыз жарандары Оренбургдан 20-майда келишет

18 Бугу 2020 16:31 Бишкек Govori.TV

КР ТИМ үстүбүздөгү жылдын 20-майына карата «Оренбург-Бишкек» маршруту боюнча чартердик каттамды аткаруунун уюштуруу маселесин иштеп чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Бул авиакаттам КР Президентинин жана КР Өкмөтүнүн тапшырмасын аткарууда жетишилген эки өлкөнүн жарандарын өз ара колдоо жөнүндө Россия жана Кыргызстандын тышкы саясаттык сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашты.

«Бул авиакаттамга отургузуу учурунда кош бойлуу аялдарга, улгайган адамдарга, жаш балдары бар ата-энелерге жана Россиянын медициналык мекемелеринде дарылануудан өткөндөргө артыкчылык берилет. Кыргызстанга келгенден кийин бардык жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн байкоого (обсервацияга) жайгаштырылат», — деп айтылат маалыматта.

Чет мамлекеттерде, анын ичинде Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер туруктуу негизде улантылат.

Количество просмотров: 648