• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргыздар менен кытайлар массалык түрдө үйлөнүп жатат деген маалыматтарга УКМК жооп берди

3 Бештин айы 202516:07 Бишкек Govori.TV

УКМК социалдык тармактарда Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жарандарынын ортосундагы массалык никелер тууралуу чагымчыл жана негизсиз маалыматтар тарап жатканын билдирип, бул чындыкка дал келбестигин айтты.

«2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө катталган мындай никелердин саны болгону 129ду түзөт, алардын көпчүлүк бөлүгү КЭР жарандары болуп саналган ар кандай этникалык топтордун, анын ичинде этникалык уйгурлардын, дунгандардын ж.б. өкүлдөрдүн ортосунда түзүлгөнүн. Ошол эле учурда, титулдук улуттун өкүлдөрү менен кытайлыктардын (ханьдар) ортосундагы никелердин саны 44тү түзөт, алардын көпчүлүгү Кытайга туруктуу жашоого кеткендер. Бул процесстер Кыргыз Республикасындагы жалпы демографиялык кырдаалга таасир этпейт», — деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.

Количество просмотров: 241